Биз менен байланышыңыз

Новиков Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 594 | 0

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырды. Бул тууралуу ал Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча өткөн жыйында айтты.

Артем Новиковдун айтымында, абаны тазалоодо баарынан биринчи бул Бишкек шаарынын айланасындагы турак жайларды газдаштыруу масштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүү, борбордун жылуулук электр борборун газдаштыруу жана коомдук жана жеңил унааларды газ кыймылдаткычына өткөрүү маселелерине байланыштуу.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасынын алкагында Бишкек шаарынын айланасындагы 22 калктуу конуш газга туташтырылды. Тактап айтканда, 14 миңден ашуун үй жаратылыш газына кошулган. Дагы 5 конушта жумуштар аяктады.

«Жарандар арасында газ менен жылытууга өтүүнү активдүү сунуштап, экологиялык билим берүү жана маданиятын жайылтуу керек. Өкмөт финансы уюмдарынын катышуусундагы жеке үйлөргө каражатын бөлүп-бөлүп төлөй мүмкүнчүлүгү каралган газ менен иштей турган жылытуу системасын орнотуу боюнча  жаңы программаны колдоду. Ушул эле маселе муниципалдык жана жеке менчик унааларды газ кыймылдаткыч отунуна өткөрүү боюнча иштерди күчөтүүгө дагы тийиштүү. Бул үчүн чаралар кабыл алынды. Тактап айтканда, электромобилдерге бажы алымдары нөлгө түшүрүлдү, өлкөдө катталган унааларга газ жабдууларын орнотуунун мөөнөтүн узартуу боюнча программа иштелип жатат», — деп белгиледи Новиков.

Ошондой эле ал жылуулук электр борборунан абага чыккан зыяндуу заттар боюнча дагы сөз кылды. Новиков көмүр менен газга болгон чыгымдар бирдей болсо, ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүнчүлүн караш керектигин айтты.

«Белгилүү маалыматтар боюнча, зыяндуу чыгындылардын 20% Бишкек ЖЭБ туура келет. Так санды эч ким айтып бере албайт. Мында 2019-жылы күз-кыш мезгилинде ташылып келинген көмүрдүн сапатынын талапка жооп бербегендиги үчүн санкциялар 14 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 3 айына жетпеген учурда ал  68 млн сомду түзгөн. Мунун бардыгын борбордук ЖЭБ жагууда. Тийиштүү органдардын өкүлдөрүнө ыкчам тартипте Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырам. Эгерде көмүргө жана газга карата чыгымдар салыштырмалуу бирдей болсо, анда бул маселени тез арада чечүү керек. Көйгөй бирөө, ал эми аны чечүү маселеси көп. Аталган көйгөйдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасамайынча биз бир орунда тапталып тура беребиз, ал эми Бишкек шаары мурдагыдай эле ышка чөмүлүп кала берет», — деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Буга катар кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясына от казандарды газга өткөрүү, таштанды полигонундагы бөлүштүрүү линияларын куруу маселесин чечүү, комплекстүү жашылдандыруу программасын ишке ашыруу, ошондой эле желаргыны эске алуу менен архитектуралык долбоорлоого карай мамилени өзгөртүү тапшырмалары берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM