Кыштагы ыш жыттанган кургак аба, жепирейген жер тамдар, кара көө баскан меш, мордон чыккан арзан көмүрдүн түтүнү, дайыма кара түтүн каптап турган көчөлөр…
Бул — Ирландиянын баш калаасы Дублиндин 1980-жылдардагы көрүнүшү. Шаардын мындай абалына тынчсызданган Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму абанын булганышы жогорку чекке жеткенин эскертип, активисттер хирургиялык беткаптарды акысыз таркатуу менен элди өлүмдөн сактанууга чакырык таштаган. Арадан он жыл өткөн соң, тактап айтканда, 1990-жылы гана Ирландия бийлиги сапатсыз арзан көмүрдү сатууга жана таркатууга тыюу салган соң, кара түтүн кескин азайганы байкалган. Мындай аракеттин аркасы менен деми кыстыгып каза болгондор 15 пайызга, жүрөгүнө күч келип каза болгондор 10 пайызга кыскарган.
Көмүр сатууга тыюу салганына 18 жыл болгон соң, 2017-жылы Ирландия бийлиги аба бир кыйла тазарганын, өлкө боюнча иш алып баруу графиги аяктаганын жарыялады.
Бирок айыл тургундары дале кышкысын көмүр жагып, көчөдө транспорттун түрлөрү көбөйүп жаткандыктан, Ирландия да, башка Европа өлкөлөрү да азыркыга чейин бул стандартты кармап келет.
Ирландиянын бул ыкмасын Монголия да колдонгон. Кышында абанын температурасы 40 градус нөлдөн төмөн болгон дүйнөдөгү эң суук борбор Улан-Батордун жашоосу да арзан көмүргө жылынуу менен байланышып келген. Бул шаардагы абанын булганышы жыл сайын 4 миңдей адамды өлүмгө жеткирген учурлар катталган.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун тапшырмасы менен Улан-Батордо сапатсыз көмүрдү колдонууга тыюу салынган. Бийлик кечинде жылуулук энергиясын акысыз берип турган.
Монголия өнүгүп келе жаткан борборунда абаны тазартуу боюнча аракеттерин күчөтүп, пайдасын көрүп жаткан учуру.
Ал эми Лондондо турак жай көмүр менен эмес, табигый газ менен жылытылат. Бул ыкмага британдар бир нече жыл мурун өтүп, түтүн баскан, ыш баскан абадан кутулган. Ошондой эле Лондон бийлиги метрополистин сыртындагы аймактарда жашап, шаар ичине унаа менен кирген айдоочулардан жол акы алуу идеясын ойлоп тапкан. Мындан тышкары заманбап талаптарга жооп бербеген, эски унаа ээлери Лондондун борборуна келүү үчүн күнүнө 10 фунт стерлингден (болжол менен 880 сом) төлөшү керек.
Бул айлана-чөйрөнү коргоо үчүн киргизилген чаралардын бирөөсү гана экенин Лондондун мэри Садик Хан билдирген. Шаар мэри абаны булгаган автобустардын ордуна жаңысын киргизип жатканын, дизель майын колдонгон автобустарды сатып алууну токтотконун жана такси айдоочуларына лицензия бербей турганын айткан.
Мадрид бийлиги абанын булганышына каршы күрөштү 2016-жылдын соңунда баштаган. Алар шаарда аба аябай булганып кеткен учурда айдоочуларга убактылуу чектөөлөрдү киргизет, тагыраагы, Мадридге кирүүсүнө бир канча күнгө тыюу салынат. Бул ыкма Италияда да колдонулат.
Ал эми Болгариянын борбору Софияда шаар тургундарын коомдук транспортту колдонууга чакыруу менен кара түтүн маселесин чечип келишет. Бийлик арзан транспорттук билеттерди чыгарып, тургундарга таркатат.