Биз менен байланышыңыз

Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 697 | 0

Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Мындай чечим 17-декабрда Ямайкада уюмдун өкмөт аралык комитетинин сессиясында кабыл алынды.

ЮНЕСКОнун сайтындагы маалыматка караганда, тогуз коргоол, тогыз кумалак жана мангала өңдүү салттуу интеллектуалдык элдик оюндарды Кыргызстан, Казакстан жана Түркия сунуш кылган.

Материалдык эмес мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин жыйыны бул жолу 14-декабрда башталган. Тизмеге кошуу үчүн комитетке ар башка мамлекеттерден 32 түрдүү элдик өнөр жана буюмдар сунуш кылынды.

ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине буга чейин кыргыз элинин атынан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги, төкмө акындык өнөр, кийиз өнөрү, калпак тигүү өнөрү, айтыш, көкбөрү ж.б. кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM