Биз менен байланышыңыз

Марат Шаршекеев Соода — Өнөр жай палатасын дагы беш жыл башкарат

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 1099 | 0

Кыргызстандын Соода — Өнөр жай палатасынын азыркы президенти Марат Шаршекеев кайрадан жетекчи болуп шайланды. Ал ушуну менен үчүнчү мөөнөткө, беш жылга шайланды.

Добуш берүү бүгүн, 18-декабрда палатанын курултайында өттү.

Биринчи туру жашыруун болуп, 126 делегат добуш берди. Анда талапкерлер Кайрат Итибаев 17, Бакыт Дегенбаев 34, Марат Шаршекеев 53 добуш алганы айтылды.

Экинчи турдагы добуш берүүгө Марат Шаршекеев менен Бакыт Дегенбаев чыккан. Жыйынтыгында Марат Шаршекеев 57, Дегенбаев 40 добуш алып калды.

Бакыт Дегенбаев жетекчини шайлоо процесси ачык атаандаштык менен өтпөгөнүн, административдик ресурс колдонулганын айтып, сындады.

«Жетекчини шайлоо процесси өтө көп мыйзам бузуулар менен өттү. Азыркы жетекчилик административдик ресурсту толук пайдаланды. Ошонун негизинде жеңишке жетти. Эгер ачык атаандаштык менен өткөндө, биз тарапта мүмкүнчүлүк өтө эле көп болчу. Соода — Өнөр жай палатасы өзгөрүүнү каалабайбыз, өнүкпөйбүз, бизге ушундай боло берет деген жолду тандап алышты. Биз кейибейбиз, ишибизди уланта беребиз. Соода палатасы жок эле бир топ иштерди аткардык», — деди Бакыт Дегенбаев.

«Соода, өнөр жай палатасы «өлүк» ишканага айланды»

Соода — Өнөр жай палатасынын жетекчилигине жети талапкер ат салышты. Алар:

-Кайрат Итибаев, «Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын» өкүлү, Соода-Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;

-Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

-Кубатбек Рахимов, Өкмөт башчынын кеңешчиси, Соода — Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;

-Марат Шаршекеев, Соода — Өнөр жай палатасынын учурдагы президенти;

-Уран Ниязалиев, «Дан Агро Азык» ишканасынын башкы директору;

-Бахтияр Мухамедзиев, «Аю Холдинг» ишканасынын вице-президенти;

-Роман Касымов, «Ишкерликти өнүктүрүү» фондунун төрагасы.

Соода-өнөр жай палатасынын азыркы төрагасы Марат Шаршекеев бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM