Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2020-жылдын 11 айында 1097 бажылык укук бузуу фактылары аныкталган.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бузуулардын бирдиктүү реестрине 865 факты, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 232 факты катталган.
Бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 397,2 млн сомду түзөт.