Биз менен байланышыңыз

Таза аба үчүн жөө жүрүш (сүрөт)

Коом | 18 Дек 2020 | 534 | 0

Бүгүн, 18-декабрда Бишкектеги кара түтүндүн каптоосуна каршы чара көрүүнү талап кылып, жаш активистер таза аба үчүн тынчтык жөө жүрүшүнө чыгышты. Жөө жүрүшкө болжол менен 30 чакты адам чогулду. Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинен Эркиндик бульварын аралай «Ала-Тоо» аянтына чейин басып барышты.

Иш-чаранын негизги максаты – Бишкектеги аба көйгөйүнө көңүл бурдуруу экенин уюштуруучулардын бири, 19 жаштагы Аксана Сейитова айтты.

«Негизги максатыбыз шаардагы ыштын көйгөйлүү маселе экендигин көрсөтүү керек. Шаардын тургандары ыш каптап жатканын билишет, бирок эмнеден ышталып жатканын билишпейт. Мына ошол себептерин жеткиришибиз керек. Кара түтүндүн каптоосунун негизги себептери автоунаалар сапатсыз күйүүчү май колдонот, ошондой эле жаңы конуштардын тургундары начар көмүр жагышат. Бул ден соолукка ар түрдүү терс таасирин тийгизүүдө. Азыркы бийликтен бул маселени чечүүнү талап кылабыз».

Чогулгандардын арасында «Жашыл Муун» экологиялык клубунун мүчөлөрүнөн сырткары, жарандык активисттер жана президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев да болду.

Иманалиевдин айтымында, кайсы бир кызыкчылыктардын негизинде Өкмөт улам алмашып, кара түтүн маселесин үңүлүп чечкиче эле кайра кетип калышууда.

«Кара түтүн Бишкекти эле эмес, Өкмөттүн өзүн да каптады. Себеби, Өкмөт улам алмашып, профессионалдык негизде эмес, кандайдыр бир кызыкчылыктардын негизинде келип, алар бул маселени үңүлүп чечкиче эле кайра кетип жатышат. Бишкек шаары бир учурда Орто Азиядагы Киевден кийинки эң атактуу жашыл шаар болчу. Азыр Орто Азиядагы абасы өтө булганыч шаар болуп калды. Анын 5-6 себеби бар. Биринчиден ЖЭБ; экинчиден, Бишкекти курчаган жаңы конуштарда көмүр жана мончолорго машиненин дөңгөлөгүн жагышууда; үчүнчүдөн, биз акыркы 30 жылда Европадан эң эски машиналарды алып келдик; төртүнчүдөн, мурдагыдай арык системасы иштебей калды. Жаңы курулуштар бактарды кыйып жатат, бирок ордун толуктаган жок».

Жөө жүрүштүн катышуучулары тургундарды кездеме, резина өңдүү буюм-тайымдарды жакпоого үндөдү. Ошондой эле Өкмөттөн чечимдерди издөөнү жана көйгөйдү кийинки кышка калтырбоону, маалыматтын жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушун талап кылышты. Акциянын катышуучуларынын бири «Реформа» партиясынын өкүлү Эркин Нурбаев мамлекеттин өзгөчө көңүл коюп карай турган маселеси экология болушу керек деп эсептейт.

«Баары келип эле Өкмөттүн бул маселеге болгон мамилесине такалууда. Бишкекте экоактивистер бар, алар Экологиялык кодексти да жазып беришкен, бирок, алар дайыма кагаз түрүндө гана калып кетет. Эми жаңы келе турган бийлик, ким болсо да, экология маселесин биринчилерден болуп колго алышы керек».

Кошумчалай кетсек, Бишкек абасы «өтө булганыч» деген шаарлардын тизмесинде эки жылдан бери биринчи орунду алып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM