Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда дагы үч бейтап көз жумду

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 564 | 0

Кыргызстанда 18-декабрга карата коронавирустан дагы үч адам көз жумду. Анын экөө Баткен облусунда, бир учур Ош облусунда катталды.

Өлкөдө бул илдеттин айынан көз жумгандардын жалпы саны 1324кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде  264 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 миң 679ду түзүүдө.

Учурда ооруканаларда 1773 бейтап дарыланып жатат, анын 82си өтө оор абалда, 483 адам оор абалда, 1186 бейтап орто оордукта, 22 адам канааттандыраарлык абалда.

Үй шартындагы дарыланууда 2649 бейтап бар.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 395 адам. Ооруну жеңгендердин жалпы саны 72 051ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM