Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү №146 турак үйдө батир толугу менен күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт каптаган аянт 30 чарчы метрди түздү.
Өрттөн 25 адам эвакуацияланган. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.