Биз менен байланышыңыз

УКМК Кылыч Саркарбаевди кармады

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 1903 | 1

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1987-жылы 20-январда туулган Кыргызстандын жараны Кылычбек Саркарбаевге берилген паспорттун жасалма экендигин аныктады.

Ал буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүргөн. Сулайманов болуп турган кезинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» (Кадыр Досонов) менен тыгыз мамиледе болгон. 2006-жылдын июнь айында уурдоо фактысынын негизинде Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Аталган фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, Кылыч Саркарбаев ысымы менен жалпы жарандык паспорт алган. Жасалма документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаарынын мэриясында дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеген.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча Кылыч Саркарбаев кармалып, Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК Кылыч Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн кылмыштуу иштерге, анын ичинде эрежесиз эр урушта белгилүү мушкерди атууга катышканын белгилейт.

УКМКнын тергөө органдары Саркарбаевдин катыштыгы бар бардык мыйзамсыз аракеттерди тактоо үчүн кошумча тергөө жана текшерүү иш-чараларын жүргүзөт.

Кылыч Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгынан 2020-жылдын февраль айында кеткен. Ал териштирүү иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан четтетилген.

2019-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM