Биз менен байланышыңыз

Сабиров: Электр жарыгы өчүп турушу мүмкүн

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 418 | 0

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда электр жарыгы өчүп турушу ыктымалдыгын айтты.

Анын айтуусуна караганда, автоматтык подстанцияларга күч келгендиктен, жарык өчүп калышы мүмкүн.

«Бүгүнкү күндө электр энергиясын колдонгондордун саны өсүп, подстанцияларга күч келип жатат. Кечээ кечинде көрсөткүч 67 миллион киловатт-саатка жетсе, күндүз — 70 миллион киловатт-саатты түзгөн. Керектөө суткасына 7-10 миллион киловатт-саатка өсүп жатат. Бул маал-маалы менен эмес, автоматтык өчүрүүлөргө алып келет», — деди Сабиров.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, учурда 13 миллиард куб метр деңгээлинде кармалууда.

Copyright © 2017 Maral FM