Биз менен байланышыңыз

Уй эти 380 сомдон. Ушул жумада азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 13386 | 1

17-декабрдан тарта айыл чарба азыктарынын жарманкелери башталат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Бишкек шаарында эки жерде — Токтоналиев көчөсүндөгү «Globus» жана Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын парк аймагында күнүмдүк керектелүүчү өндүрүмдөр дүң баа боюнча сатыкка чыгат.

Мисалы, уй эти 370-380 сомдон, он жумуртка 85 сомдон ашык эмес, өсүмдүк майынын баасы 108 сомдон 115 сомго чейин сатылат.

«Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен өндүрүмдү дүң баада сатуусу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Натыйжа жакшы болсо, мындай жарманкелер ар бир аймакта ачылат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында ар демалыш күндөрү айыл чарба өндүрүмүнүн жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл. Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баада коюларын алдын ала билиши керек», — деди Новиков.

Ал Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө күндөлүк колдонуулуучу азык-түлүктү пайдаланууга талдоо жүргүзүү, аймактарга дүң баада түз жеткирүүлөрдү камсыздоо тапшырмасы берилди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, айыл чарба жарманкелери 4-декабрдан бери республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.

Бишкекте жарманке 17-19-20-декабрь күндөрү Фрунзе жана Глобус соода борборлорунда өтөт.

Карапайым жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат.

17-декабрда жарманке Фрунзе соода борборунун (Технопарк) жана Глобустун (7-кичи район) аймагында өтөт. Ал жерде азыктардын 1 кг төмөнкү бааларда көрсөтүлөт:

• Эт — 390 сом;

• Тоок эти — 135 сом;

• Тооктун буттары — 100 сом;

• Голень — 146 сом;

• Сан эти — 128 сом;

• Канаты — 190 сом;

• Жумуртка — 87 сом;

• Жумуртка — 85 сом;

• Шекер — 46 сом.

Жарманке 17-декабрда, саат 11:00дө башталат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номердерге байланышса болот: 0550 700 053, 0552 886 612.

1 пикир

1 пикир

  1. Боря

    17.12.2020 10:23

    эмнеге баалар жогору. Жарманке дегенде баалар базардан арзаныраак болуш керек. Буларда текерисинче. Жарманкеде баалар жогору, базарга караганда.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM