Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков соттун уруксаты менен гана аймактарга чыга алат

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 1154 | 0

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн аймактарга соттун уруксаты менен гана чыга алат. Мындай чечимди бүгүн, 16-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Учурда үй камагында болгон президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун жактоочусу анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жээнбеков президенттикке талапкер катары кол тийбестик укугунан пайдалана алат.

Сот отурумунда Жээнбеков: «Эгер азыр менин баш коргоо чарамды өзгөртүү өтүнүчү каралбаса, отурум жылдырылат. Кийинки отурумга чейин үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтү аяктап калат. Бул маселени чечүү керек. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт иштери учурунда өлкөнүн сыртына да чыгууга болот», — деп билдирди.

Сот айыпталуучу эгер аймактарга чыгышы керек болсо, маалымкат берүүгө даяр экенин билдирди. Бирок анын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси соттун толук курамы менен гана каралары айтылды.

Эми талапкер Кыргызстандын аймактарына чыгардын алдында ар бир жолу сотко келип уруксат алып турушу керек.

Сот отурумунан кийин Жээнбеков кайрылуу жасап, чечимди саясий буюртма деп баалап, сот анын президенттикке талапкер катары укугун бузуп жатканын айтты.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылы камалган. Быйыл октябрь окуялары учурунда бошотулган. Кийин аны сот үй камагында калтырган.

Равшан Жээнбеков 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкер.

Copyright © 2017 Maral FM