Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяны көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 517 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяны көзөмөлгө алды. Институттун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө иш боюнча соттук отурумдарга тыкыр мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Мекеменин маалыматына караганда, кыздын ата-энеси Тоң райондук сотунун өкүмүнө каршы экенин жана Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз беришкенин билдирген.

Учурда кыз Ысык-Ата районундагы реабилитациялык борбордо экени айтылды.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысы берген маалыматка караганда, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен катталган.

Акыйкатчы институту бул кылмыш 164-берене менен катталганы туура эмес экенин билдирип, факт Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча катталышы керек болчу деген пикирде.

Мындай учурда кылмышты жасаган 1979-жылы туулган К.У. аттуу шектүү катуураак жазага тартылмак.

Буга чейин Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан эки адамды актаган. Үчүнчү айыпталуучуга коюлган «Зордуктоо» беренеси «Он алты жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» деген берене менен алмаштырылган. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылды.

Ысык-Көлдүн соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн бошотулганы тууралуу маалымат берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM