Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн бошотулганы тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 533 | 0

Ысык-Көл облустук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү үч кишинин экөөсүн актаган, үчүнчүсүнүн жазасын жеңилдеткен чечим боюнча маалымат берди.

Облустук соттун басма сөз катчысы Гулзада Аширбаеванын маалыматында, сот отурумдары жабык өткөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка шектүү К. уулу Ж. жана С. уулу Э. аттуу жарандарга Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-4-бөлүгү боюнча, үчүнчү айыпталуучу К. У.га Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1-3-бөлүгү, 161-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн 1-2-пункту боюнча айыптары угузулган.

Тоң райондук сотуна аталган жазык иштер 22-сентябрда келип түшкөн.

Тоң райондук сотунун 2-декабрдагы өкүмү менен айыпталуучу К. уулу Ж. жана С. уулу Э. Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1-4-бөлүгү боюнча күнөөсүз деп табылып, сот залынан бошотулган. Ал эми айыпталуучу К. У. жети жыл алты айга эркиндигинен ажыратылган.

Тоң райондук соту берген маалыматка ылайык, азыркы учурда жабырлануучу тараптан жана прокуратура органдарынан апелляциялык арыз түшө элек.

Сотун мындай чечими коомчулукта катуу сын-пикир жаратты. Жарандык активисттер зордуктоого шектүүлөрдүн жазасын жеңилдеткен судьяга кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM