Биз менен байланышыңыз

Радио жыштыктарды сатуу боюнча Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы кармалды

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 519 | 0

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары даражасындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев кармалды. Бул тууралуу Улутту коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

УКМК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын, Өкмөт аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радио жыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүүдөгү, аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

15-декабрда аталган иштин алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Араев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM