Биз менен байланышыңыз

Журналисттин тили оңолсо, башкалардын да тили оңолот

Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз  улуттук китепканасында 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө жана залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган «Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү» аттуу семинар болуп өттү.

Иш-чаранын башталышында сөз сүйлөгөн Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков тил тууралуу өз оюн билдирди.

— «Тил оңолмоюнча, башкасы оңолбойт» деген сөзгө ишенип баратам. Бул көйгөй — мойнубуздагы чоң жүк. Ошондуктан тилге өтө аяр мамиле кылалы. Мисалы, залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов чыгармаларында «атыры, жатыры» деген сыяктуу сөздөрдү колдонгон. Бул адабий тилге кирсе, эмнеси жаман? Өткөндө Чаткалга барып, «Көркүн салып жатыры» деген саптарды кошуп, ыр жазсам, аны «жатат» деп оңдоп коюшуптур. Биз тартынбай эле синонимдерди көбөйтсөк, сөзүбүз байыйт деп ойлойм. Маданият тилден башталат да. Ошол үчүн тилге кызмат кылалы. 

«Манас» жана Ч. Айтматов улуттук академиясынын Айтматов таануу бөлүмүнүн башкы адиси, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, журналист Папан Дүйшөнбаев «Айтматов-журналист» аттуу баяндамасында залкар жазуучунун чыгармачылыгына журналистиканын тийгизген таасирин айтып берди.

— Айтматов журналистикадан жана публицистикадан чыккан сүрөткер жазуучу. Анын 1952-1956-жылдары жазылган «Гезитчи Дзюдо», «Ашым», «Кайракта», «Сыпайчы», «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелеринде журналистикалык, публицистикалык дух ачык эле сезилип турат. Залкар жазуучу журналистикада 10 жыл эмгектенген. Азыр анын бул тармактагы орду толук изилдене элек.

Интернеттеги каталар, айрым бир сөздөрдүн бурмаланып жазылып жатканы, айрыкча атактуу инсандардын ысымдарын жазуудагы мүчүлүштүктөр боюнча филология илимдеринин кандитаты, профессор Ишенбек Султаналиев баяндама жасады.

— Сиздерге белгилүү бир ысымды айталычы, «Сагынбайбы» же «Сагымбайбы?» Бул сөздүн кайсынысы туура экенин билүү үчүн уңгу-мүчөгө ажыратыңыздар. Мисалы:»Сагынбай» деген сөздүн уңгусу — «сагын». «М» тамгасы эмес, «Н» тамгасы туура. Себеби кыргыздар балага атты жөн койбойт. Балалуу болбой жүрүп, сагынганда көргөн балабыз деп коюшат. Демек, «сагын» деген сөздөн келип чыккан. Биз Сагымбай деп айтып, Сагынбай деп жазсак туура болот.

Өкмөттүн аппаратынын лингвист-эксперти Тамара Абылкасымова орфоэпия боюнча бир катар жагдайларга токтолду.

— Биздин журналисттерге дагы бир жолу ырахмат айткым келет. Себеби айрым бир сөздөрдү жеңил жана элге өтүмдүү кылып жеткиресиздер. Мисалы, «контрабанда» деген сөздү «аткезчилик» деп алмаштыргандан бери элге бат эле сиңип кетти. Ошол эле учурда сөздүн маанисин бузуп койгон  учурлар да бар. Мисалы, «күлкүмүштүү» деген сөз таралып кетип, азыркыга чейин арыла албай жүрөбүз.  

ЖМК өкүлдөрүнө арналган семинардын жүрүшү суроо-жооп, талаш-талкуу менен коштолду. Кабарчы-журналисттер тарабынан түйүндүү суроолор берилип, адистерден жооптор алынды. Жыйындын соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн айрым журналисттер Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы жана «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланышты.

Даярдаган: Улан Үрүстөмов

Copyright © 2017 Maral FM