Кыргызгидромет борбору 15-декабрдан 19-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
15-16-19-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
15-19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.
15-декабрда туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
15-декабрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөт.
Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
16-19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
15-16-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт.
17-19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
15-16-декабрб күндөрү Чолпон-Ата шаарында кар жаашы ыктымал, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
17-19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.