Баткен облусунун Лейлек райондук чек ара кызматкерлери Тажикстандын аймагына мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу май ташууга аракет кылган фактыны аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Тажикистандын Т.М. аттуу жараны «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна дизель отунун алып кирүүгө аракет кылган. Товардын тийиштүү документтери болгон эмес.
Кармалган айдоочу жана товар тийиштүү органдарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.