Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус менен 5 миңден ашык бейтап дарыланууда

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 425 | 0

Кыргызстанда коронавирус илдети менен 5038 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 91 адамдын абалы өтө оор экенин Республикалык штаб кабарлады.

553 адам оор абалда, 1422 бейтап орто оордукта, 21 адам канааттандыраарлык абалда.

Бейтаптардын 2087си ооруканаларда, калганы үй шартында дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери 77 миң 674 адам коронавирус жуктуруп алды, анын 1312си каза таап, 70 миң 450 адам айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM