Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматы: «Унаа» ишканасынын кызматкери пара алган эмес

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 523 | 0

«Унаа» мекемесиндеги жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кызматкерден акча табылган эмес жана анын кармалганы тууралуу факты такталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Унаа» ишканасын тинтүү учурунда Бишкектеги автомектептердин биринин өкүлүнөн акча табылып, ал кармалган.

Бүгүн Финансы полициясынын кызматкерлери Каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» ишканасынын Бишкек шаардык башкармалыгында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөнү кабарланган.

Анда айдоочулук күбөлүгүн алууга келген жарандардан пара талап кылуу фактысы боюнча кызматкердин кармалганы айтылган. Бул жөнүндө видеолор да тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM