Биз менен байланышыңыз

«Унаа» ишканасынын кызматкерлери пара талап кылган жеринен кармалды

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 496 | 0

Бишкекте «Унаа» мамлекеттик ишканасынын бир нече кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

«Унаа» ишканасынын жана автомектептердин кызматкерлери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырган курсанттардан акча талап кылышкан. Бир адамга 5 миң сомдон акча талап кылынганды белгилүү болду.

Финансы полициясы «Унаа» мамлекеттик ишканасында күнүнө жүздөй адам текшерүүдөн өтө тургандыгын кабарлады.

Толугураак маалымат кийинчерээк берилери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM