Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы автобусттук каттамдар жанданат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 471 | 0

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы автобусттук каттамдар жанданат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

8-декабрда Ферганада Өзбекстандын вице-премьер-министри, Инвестициялар жана тышкы соода министри менен Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучунун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну жандандырууну тездетүү боюнча биргелешкен чараларды ишке ашырууга даяр экенин билдиришкен.

Андан тышкары, Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар автоунаа каттамын Кытайдан Европага Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу мультимодалдык жүк ташуу тутумунда натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленди.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуу март айында карантиндик режим киргизилгендиктен жана COVID-19 оорусунун жайылышына байланыштуу токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM