Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Кыргызстан адам укуктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 557 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-декабрда Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата кайрылуу жасады.

Бүгүн дүйнө коомчулугу Эл аралык адам укугун коргоо күнүнүн 72 жылдыгын белгилеп жатат.

Талант Мамытовдун кайрылуусунда Кыргызстан эгемендикке ээ болгон күндөн тарта укуктук мамлекетти куруу жолуна түшүп, Конституцияда адамдын жогорку баалуулугу деп, анын укуктарын жана эркиндигин белгилегени айтылат.

Ар бир мамлекеттин милдети жарандардын кызыкчылыгын бардыгынан жогору коюп, адилеттик жана мыйзамдын жоболорун сактоо принциптери турмуштагы негизги ченем катары каралууга тийиш.

Мамытов 5-6-октябрда болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бек сактарын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөөрүн далилдеди деп эсептейт.

«Адамдын укуктарын сыйлоо ар бир кыргызстандыктын бакубаттыгын шарттайт, коомдун ичинде туруктуулукка жана бейпилдикке өбөлгө болот. Кыргызстан бакубатчылыкка жана өнүгүүгө умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM