Биз менен байланышыңыз

Аманбаев Бишкек ЖЭБи катуу суукка даяр болушу керектигин эскертти

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 694 | 0

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек Жылуулук электр борборунун ишин көрүп чыкты. Анда «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев маалымат берип, борборго күн сайын көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келип жатканын айтты.

Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар экендиги кабарланды.

Бактыбек Аманбаев Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка даяр болушу керектигин эскертти.

«Калкты кышында жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Биз Бишкек шаарындагы турак жайлардын 80%ын жылуулук менен камсыз кылган ЖЭБдин иштөөсүн, кышкы максималдуу жүктөмүн, отундун корун жана көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүү максатында келдик. Авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүшү керек. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат», — деди Бактыбек Аманбаев.

Бишкек Жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект. Бишкек ЖЭБи кышкы катуу суукта күнүнө 7-8 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM