Биз менен байланышыңыз

Дамир Мусакеевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылды

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 795 | 0

Жогорку Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Мындай чечим 9-декабрда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, Мусакеевге карата ачылган кылмыш ишинин материалдары кайра кароо үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотуна жиберилди.

Дамир Мусакеевге мыйзамсыз баюу жөнүндө кылмыш иши козголуп, кызматта турган 2010-жылдан 2017-жылга чейин 20 миллион сомдук мүлктү мыйзамсыз сатып алгандыгы аныкталган.

2019-жылдын 24-майында Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын жан сакчысы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM