Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 962 | 0

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүш алкагында, Жер ресурстары боюнча агенттиктин алдындагы «Кадастр» ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери мыйзамсыз акча алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнүн аныктаган.

Өкмөткө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору «Б.К.К.» бул ишке тиешеси бар экендиги кабарланды.

Ал 7-декабрда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2-декабрда «Кадастр» мекемесинин жетекчиси Абдумуктар Маматовду кармаган.

Ал аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча талап кылууну уюштурган деп шектелген.

УКМК: «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM