Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 519 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жер ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу «Кадастр» мекемесинин жетекчиси кармалганын кабарлады.

Ал аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча талап кылууну уюштурган деп шектелүүдө.

Ыкчам изилдөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «Кадастр» мекемесинин директору «М.А.Тнын» системалык негизде мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы аныкталган.

2-декабрда чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде «М.А.Т.» кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу «Кадастр» мекемесин Маматов Абдумуктар Темирбекович жетектейт.

Copyright © 2017 Maral FM