Биз менен байланышыңыз

Матраимов депозиттик эсепке жалпы 807,3 млн сом которду

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 382 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 9-декабрга карата экономикалык мунапыстын алкагында Финансы министрлигинде ачылган депозиттик эсепке жалпы 807,3 млн сом которду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине аталган министрликтен кабарлашкан.

Ушул жылдын 21-октябрында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда Кыргызстанда 30 күндүк экономикалык мунапыс жарыялаган.

Анын алкагында депозиттик эсеп ачылган. Учурда ал эсепке жалпы 912,1 млн сом түшкөнү кабарланды.

8-декабрга карата 773,4 млн сом Матраимов тарабынан которулган.

Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деп айып тагылууда. Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгону айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM