Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кезектеги кайрылуусун жасап, жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тарта расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарылаганын айтты.
Анын алкагында:
-мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу;
-өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу;
-оффшордук эсептердеги акчаны кайрып келүү;
-көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу;
-ишкердик чөйрөгө бирдей шарттарды түзүү;
-макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү;
-өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу;
-мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө милдеттери коюлду.
Соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүү, тоо кен ж. б. тармактарда өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге, ар кандай компаниялардын үлүшүнө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берилди.
«Силер, өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле. Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам», -деди Жапаров.
Анын айтымында, кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат. Бул иш-чара бир гана жолу болот.
Жапаров экономикалык амнистияны пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.
Эң негизгиси ушул иштер колго алынса 100% колдойм.Мамлекетти карыздан чыгарса Садыр Жапаров президент болсун.Чиновниктер мамлекетти карызга батырышты,эл өзүн өзүм багып жаткан.
Гүлбайра
21.10.2020 17:08
Эң негизгиси ушул иштер колго алынса 100% колдойм.Мамлекетти карыздан чыгарса Садыр Жапаров президент болсун.Чиновниктер мамлекетти карызга батырышты,эл өзүн өзүм багып жаткан.