Биз менен байланышыңыз

Новосибирскиден «Ысык-Көл» аэропортуна алгачкы чартердик каттам келди

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 629 | 0

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Новосибирск шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

8-декабрда «S-7» авиакомпаниясынын Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамы келди.

Каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

Бул каттам менен 7 жаш баланы кошкондо 169 жүргүнчү учуп келди.

Аэропорт чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине чектөөлөрдүн алынып, туристтик сезонду жандандыруу аракети көрүлүүдө. Пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөө, ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүп жатканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM