Биз менен байланышыңыз

Канат Шабданбаев спортчуларды кызытмага каршы турууга чакырды

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 434 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев кыргыз спортчуларын кызытмага каршы турууга чакырды. Ал 8-декабрда Улуттук антидопинг борборунун дирекциясынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Улуттук антидопинг борборунун жетекчиси Нургүл Кермакунова 2021-жылга карата иш пландары жөнүндө маалымат берди.

Планга ылайык, декабрь айында спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү үчүн улуттук допингге каршы эрежелердин презентациялары, ошондой эле машыктыруучулар жана калыстар үчүн семинарларды өткөрүлөт.

2021-жылдын башында олимпиадалык оюндарга катышкан спортчулар жана алардын машыктыруучулары үчүн кызытмага каршы күрөшүү, аны көзөмөлдөө процедурасынын алкагында ADeL WADA (Anti-Doping eLearning) тутумунда семинар өткөрүү, андай кийин тестирлөө жана сертификаттарды алуу пландалган.

Японияда өтө турган 2021-жылдын жайындагы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарына даярдануу үчүн келерки жылдагы допинг-тестирлөөгө грант алуу үчүн WADAга табыштама жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM