Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Бабыржан Тольбаев 58 миңден ашык кол тамга тапшырды

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 787 | 0

Президенттикке талапкер Бабыржан Тольбаев Борбордук шайлоо комиссиясына 58 миң 29 кол тамга тапшырды. Боршайком кол тамгалар 2-декабрда түшкөнүн кабарлады.

Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш.

БШК: Садыр Жапаров 60 миңге жакын кол тамга тапшырды

БШКнын жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.

Президентти шайлоону өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM