Биз менен байланышыңыз

Англия локдаундан чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 267 | 0

3-декабрдан тарта Англиянын маанилүү бөлүктөрүндөгү жалпы коомдук чектөөлөр (локдаун) аяктайт. Ага ылайык, соода борборлору жана ресторандар ишин жандантат.

Бирок андан башка жаңы чектөөлөр киргизилет. Анда коронавирустан көбүрөөк жабыркаган аймактарда конокко барууга, көчөдө 6 адамдан ашык чогулууга, паб жана ресторандарга барууга (тамак-ашты үйгө алып кетсе болот) тыюу салынат.

Кошумчалай кетсек, британ өлкөсүндө жапырт вакцинациялоого даярданууда. COVID-19га каршы эмдөөдөн баш тарткандар кадимки жашоодо ресторан, бар, кинотеатр, спорт зал сыяктуу коомдук жайларга кирүүдө, коомдук транспортко түшүүдө чектөөлөргө туш болушу мүмкүн.

Мындай сунушту коронавируска каршы вакцинациялоого жоопкер министр Надим Захавису киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM