Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги мектептер үчүнчү чейректе ачылышы мүмкүн

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 756 | 0

Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан тарта ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

«Бишкекте 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус оорусу азайган учурда мектептер үчүнчү чейректен баштап кадимки тартипте иштей баштайт», — деди адис.

Анын айтуусуна караганда, Бишкектеги жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатат.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасы аркылуу Кыргызстандагы университеттер жаңырган жылда ачыларын кабарлаган.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев университеттер менен колледждерди ачууга алгоритм даяр экенин, жакында ачыларын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM