Биз менен байланышыңыз

Марадонанын өлүмүнө дарыгери шектелүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 481 | 0

Аргентина прокуратурасы өткөн жумада каза болгон футбол жылдызы Диего Марадонанын жеке дарыгери Леопольдо Лукенин Буэнос-Айрестеги үйү менен жеке клиникасында тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазды.

Прокуратура атактуу футболчу жеке дарыгеринин шалаакылыгынан улам көз жумган болушу мүмкүн деп шек саноодо. Тергөө иштери Марадонанын кыздары Лукенин аракеттеринен күмөн санап жатышканын билдиргенден кийин башталган.

Прокуратура акыркы күндөрү Марадонага талаптагыдай медициналык жардам көрсөтүлгөн-көрсөлбөгөнүнө, жеке дарыгери футболчунун үйүнө канчалык тез-тез келип турганына жана анын сунушу менен кандай дарыларды ичкенине кызыгууда. Өз кезегинде Луке Марадонага бардык зарыл болгон жардамдарды бергенин билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Аргетиналык белгилүү футболчу Диего Марадона 25-ноябрда жүрөгү токтоп, каза болгон. Легендарлуу футболчуну акыркы сапарга узатуу  зыйнаты Буэнос-Айресте жайгашкан Каса-Росада президенттик сарайында өткөн. Анда белгилүү футболчу менен коштошуу үчүн миңдеген аргентиналык президенттик сарайдын алдында чогулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM