Биз менен байланышыңыз

Аргентина оппозициясы: Марадона менен коштошуу үчүн баш мыйзам бузулду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2020 | 870 | 0

Аргентина оппозициясынын өкүлдөрү республиканын президенти Альберто Фернандести пандемия шартында эпидемиологиялык талаптарды бузуп, футболчу Диего Марадона менен коштошуу салтанатын уюштуруп, муну менен баш мыйзамды бузду деп айыптоодо. Бул тууралуу “La Nacion” гезити жазып чыккан.

Бириккен республикачылдар”  либералдык коалициянын мүчөлөрү Ямил Санторо жана Антонио Фратамико федералдык сотко доо арыз беришти. Альберто Фернандес социалдык аралыкты сактоо, санитардык эрежелеринин бузулушун шарттаган абалды жаратты», — дет нааразылангандар.

Алар, «Мамлекет башчы биздин конституцияда белгиленген негизги принциптердин бири болгон, теңдик принцибин бузду», андыктан өлкө башчы жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Аргетиналык белгилүү футболчу Диего Марадона 25-ноябрда жүрөгү токтоп, каза болгон. Легендарлуу футболчуну акыркы сапарга узатуу  зыйнаты Буэнос-Айресте жайгашкан Каса-Росада президенттик сарайында өткөн. Анда белгилүү футболчу менен коштошуу үчүн миңдеген аргентиналыктар президенттик сарайдын алдында чогулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM