Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өттү

Кыска кабар | 29 Ноя 2020 | 814 | 0

Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер, жаштар, юристтер, саясатчылар «Референдумга жол жок» аттуу тынчтык жүрүшүн өткөрдү. Алар «Хансыз өлкө», «Референдумга жол жок», «Мыйзамдуу мамлекет» деген ураандар менен Темир жол бекетинен Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына келишти.

Жүрүштүн катышуучуларынын пикиринде, Башмыйзамды өзгөртүү учурда иштеп жаткан Конституциянын талаптарын одоно бузат. Сунушталып жаткан жаңы долбоор өлкөдө бийликти бир кишинин колуна чогултуп, демократиянын өнүгүүсүнө доо кетирет.

Белгилей кетсек, бул жүрүш өткөн жекшембиде да өткөн. Бир катар талаптар айтылган соң, Башмыйзамды реформалоо иши артка чакыртылып алынмайынча, мындай жүрүш ар жекшемби сайын өткөрүлүп турарын билдиришкен.

17-ноябрда 80 депутат демилгелеген Башмыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, аларга Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев талкуу жана иштеп чыгуу 15-20 күнгө созуларын айткан.

Демилге парламентте кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM