Бүгүн, 26-ноябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Кыргызстанга 42 миң долларлык гуманитардык жардам тапшырды.
Бул гуманитардык жардам жер титирөө, күтүүсүз суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркаган элге баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максатында берилди. Ал медициналык багыттагы буюмдар жана адистештирилген медициналык модулду камтыйт.
Гуманитардык жүктү расмий тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюумунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова, Орусиянын Кыргызстандагы кеңешчи-элчиси Вадим Гусев катышты.
Жүк Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 4 тоннадан жогору болуп, баасы 42 000 АКШ долларынан ашты.