Кыргызстанда 26-ноябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 1251ге жетти. Акыркы бир суткада алты бейтап каза болду.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 427 учуру катталды. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 71 миң 171ге жетти.
26-ноябрга карата дагы 439 бейтап айыгып, жалпы сакайгандардын саны 57 миң 760ты түзүүдө.
Бир сутка ичинде дагы 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.
Ал эми стационардан 5, үй карантининен 3 медкызматкер айыгып, чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3858 учур катталды, алардын ичинен 3568 медкызматкер сакайды.