Биз менен байланышыңыз

Тиктокер Бакыт: Жок дегенде мен элге жакшы маанай тартуулап турайын

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 2609 | 0

Бакыт Макеев Тик-ток тиркемесинде өзгөчө бий стилине ээ. Айрыкча, ак үйдүн алдында бийлеген бийи менен көптөгөн көрүүчүлөрдү топтоп, жаштардын кызыгуусун жаратты. Интернетке @birbala каймана ысымы менен чыгып жүргөн Бакыт Макеев «Марал» радиосуна маек берди.

Ал борбордогу мектептердин биринде дене тарбиядан сабак берет. Ушул жашына чейин бийлеген эмес, карантин убагында интернеттен тик-ток тиркемесин көчүрүп алып, ар кандай кыймылдарды, видеолорду көрүп жүрүп кызыгуусу арткан. Анан ар кандай роликтерди тартып, бийлөөнү хоббиге айланткан.

«Бийчилик — атадан балага калган өнөр» деп ойлобойм. Себеби бардык бийдеги кыймыл-аракеттерди интернет желесинен карап үйрөнүп, үйдөн өздөштүрүп алдым. Башында Тик-ток айдыңындагы көрөрмандарым, катталуучуларым: «Сен бийлей албайсың, сеники окшобойт», — деген терс ой-пикирлерди жазып жатышты. Бирок мен аларга көңүл бурбастан, алдыны көздөй кадам таштап, аракет кылуумду токтоткон жокмун. Азыркы кырдаалга байланыштуу  баарына жакшы маанай тартуулайм жана өлкөгө кошкон салымым да ушул деп билем. Тик-ток — мен үчүн адамдарга жакшы маанай тартуулоонун жолу».

Бийчи катталуучуларынын өтүнүчүн аткарып, алар каалаган имараттардын алдына, көчөдө, базарларда, шаардын көпчүлүк жеринде бийлеп жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM