Бишкек жылуулук электр борборунда 299,1 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев маалымат жыйынында кабарлады.
Борборго Кара-Кечеден 326,4 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 29 миң тонна, Казакстандан 67 миң тонна көмүр алынып келинген.
20-ноябрга карата ЖЭБде 299,1 миң тонна көмүр калган.
«Кара-Кечедеги тоо көчкүдөн кийин жол жабылган. Каржы министрлиги тарабынан акча каражаты бөлүнүп, ал жакта иштер жүрүүдө. Көмүр кениндеги жумуштар бир жуманын ичинде бүтөт», — дейт Сагынбаев.
Жылуулук борборунда 9 буу казан, 5 турбогенератор иштеп жатканын «Электр станциялары» ААКнын директорунун орун басары Талайбек Бектенов айтты. Резервде 6 буу казан, 3 турбогенератор бар.
«Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу электр жарыгын колдонуу кыйла өстү. Мисалы, өткөн суткада электр жарыгын колдонуу 65 млн 600 миң киловатт-саатты түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 54 млн 400 миң киловатт-саатты түзгөн. Быйыл 11 млн киловатт-саатка көп болууда», — дейт Бектенов.