Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги коомдук транспортторго 775 миң 500 сом айып пул салынды

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 344 | 0

Бишкекте коомдук транспортторго 775 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

18-ноябрга карата 5 миң 200гө жакын унаа санитардык текшерүүдөн өткөн. 1-июндан тарта Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору  234 протокол түзүп, 239 миң сом айып пул салышты.

Ошондой эле 9 менчик компаниянын башчыларына 293-берене боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдун суммасы 117 миң сомду түздү.

Бишкек шаары боюнча патрулдук милиция, Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан 419 миң 500 сомдук 157 протокол түзүлдү. Транспорттук блок үчүн айып пулдардын жалпы суммасы 775 миң 500 сомго жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM