Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 100 миң сомго чейин насыя алгандарды үстөк төлөөдөн бошотту

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 427 | 0

Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миң сомго чейин насыя алгандарды үстөгүн төлөөдөн бошотту.

9-ноябрда Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл коронавирус инфекциясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу  насыяларды төлөө кыйын болуп жатканын айтышкан.

Өкмөт 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган насыя алуучуларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, эгер насыя алуучу 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманы бир нече жерден алса, пайыздар тандалган насыялардын бири боюнча гана төлөнүп берилет.

Финансы министрлиги 5 жумушчу күн ичинде каржы-кредиттик уюмдарга субсидиялардын болжолдуу суммасын которууга милдеттендирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM