Биз менен байланышыңыз

Мэрия Тыныбековага берилген батирди менчиктештирүүгө аракет кылууда

Кыска кабар , Спорт | 17 Ноя 2020 | 2462 | 0

Бишкек шаардык мэриясы күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага берилген батирди менчиктештирип берүү аракетин жасоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, балбан кыздын кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон жогорку салымын эске алуу менен мэрия ага берилген үч бөлмөлүү батирди кайтарымсыз негизде ыйгаруу боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан.

Аталган документ 19-ноябрда өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин күн тартибине киргизилген.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова былтыр тарыхта биринчи ирет күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Аны менен катар Токио олимпиадасына да жолдомо уткан. Андан соң мамлекет башчы тарабынан үч бөлмөлүү батир белек кылынган. Бирок Турак жай кодексине ылайык, ал кызматтык үй катары гана каралып калган. Мыйзам боюнча спортчу көзү тирүү кезинде гана жашап, кийин мамлекет кайра өзүнө кайтарып алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM