Биз менен байланышыңыз

М-1: Кыргыз мушкери нокаут менен жеңишке жетти

Кыска кабар , Спорт | 16 Ноя 2020 | 295 | 0

Кыргызстандык спортчу Кайыпназар Бектурсун аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирде атаандашын жеңип алды.

14-ноябрда Москва шаарында «M-1 Global» мушташуу уюмунун кезектеги «MMA Series-20: Жаңы баатырларга убакыт» турнири болуп өттү.

Алдын ала картада 56,7 килограммга чейинки салмак ченинде Кайыпназар Бектурсун орусиялык Артем Остряков менен мушташты. Кыргызстандык биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.

Кайыпназар Бектурсундун бул беттеши спорттук карьерасындагы 9-жолку жана «MMA Series» турнирлеринде экинчи жолку жеңишин алып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM