Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкектин бюджетине 700 млн сом түшпөй калды

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 414 | 0

Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн сом түшпөй калды. Бул тууралуу шаар мэриясынын жыйынында вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди.

Жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын отуруму болуп, анда шаардын январь-ноябрь айларындагы бюджетинин кирешесинин аткарылышы каралган.

Быйыл 9 айда шаардын бюджетинин кирешеси 6,9 млрд сомду түзүп, белгиленген план 91,3%га аткарылган. Башкача айтканда, шаар бюджетине 700 млн сом түшпөй калган.

2020-жылдын 1-октябрына карата Бишкектин салык боюнча карызы 813,7 млн сом.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев төрт райондун салык башчыларына салык карыздарын кыскартууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM