Мурунку Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окшош адамды 15-ноябрда Москва шаарында Орусиянын полиция кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концертте байкап калышкан.
Бул тууралуу социалдык тармактарда маалыматтар тарап жатат. Жунушалиевдин сол жагында отурган аял жубайы экенин айтышууда.
Айрым маалыматтарга караганда бул концерт 2019-жылы болгон.
Ноябрь айынын башында Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаев жана мурунку ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделип жаткандыгын айткан.