17-ноябрда Соода-өнөр жай палатасы кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.
Күн тартибинде карала турган маселелер:
- Карантиндин чакан жана орто бизнеске тийгизген таасири;
- Чакан жана орто бизнес үчүн насыяларды кайра каржылоо;
- Пандемия шартында кол өнөрчүлүк тармагын өркүндөтүү жана башка маселелер каралат.
Жыйын саат 11.00дө башталат.