Ош шаарында мурдагы Билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаков акыркы сапарга узатылды.
Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында 51 жашында көз жумган. Ал ооруканага 11-ноябрда түшкөн. Айрым маалыматтар боюнча, ага пневмония диагнозу коюлган.
Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында жерге берилди.
Каныбек Исаков 2011-жылдан 2019-жылдын 11-сентябрына чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору, 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министри кызматтарын аркалаган.
Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.