Пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 52 миллиондон ашты. Бул көрсөткүч Жонс Хопкинс университетинин маалыматында камтылган.
Акыркы суткада 1 миллиондон ашык адам жаңы катталды.
Университеттин маалыматына ылайык, жалпы 52 млн 48 миң 827 киши коронавирус менен катталган, анын ичинен 1 млн 282 миң 796 адам каза болуп, 33 млн 871 миң 490 бейтап айыгып чыккан.